Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

КООРТ телекомпаниясында нааразылык уланууда


БИШКЕК. КООРТ телекомпаниясына жаңы жетекчилик дайындалганына байланыштуу эмгек жамаатынын нааразылыгы уланууда. Телеканалдын жамааты жетекчиликке тажрыйбалуу журналистти койууну талап кылып жатышат. Буга байланшытуу алар 18-октябарда президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдошту. 15-октябрда өткөн акционерлердин жыйынында буга чейин Улуттук телеканалдын “Замана” студиясында продюсер болуп иштеп келген Азима Расулова КООРТтун башкы деректири, ал эми Санжар Капаров башкы продюсер болуп дайындалган. КООРТтун акционерлер коомунун деректирлер кеңешинин төрагасы Александр Ким телеканалдын жамааты менен жолугуп, аларды ишке киришүүгө чакырды. 19-октябрда телеканалдын жамааты вице-премьер-министр Адахан Мадумаров менен жолугушат. Аталган телеканалдын акцияларынын 52 пайызы “Айдыңкөл” коомуна, 30 пайызы ишкер Болот Бегалиевге, калган бөлүгү “Учкун” акционердик коомуна тиешелүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG