Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Пакистан Индиянын жер титирөөнүн курмандыктарына жардам берүү сунушунан баш тартууда


Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирдеги куткаруу иштерине Индия согуштук тикучмаларын сунуш эткен эле, бирок Пакистан тикучмалардын учкучтары жок берилишин талап кылууда. 8-октябрдагы жер титирөөдө Пакистанда эле кеминде 41 миң киши күм-жам болду, жараат алгандардын саны 70 миңге чукулдап барды. Зилзала бийик тоолуу аймактарда болгондуктан, жардам жеткирүү иши өтө татаал болуп жатат. Анын аралыгында Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Пакистанда 500 миң кишиге чукул жардам зарыл экендигин эскертти. Сегиз баллга жакын болгон зилзаладан аман калгандар чатырларга, жууркан-төшөк, азык-түлүккө жана медициналык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG