Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери куш тумоосунун коркунучун талкуулашты


Люксембургдагы чукул жыйында Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро авиан вирусу менен күрөштө күжүрмөн аракет көрүлүп жатат деди:

– Грецияга, Румыния, Түркияга, Орусия Федерациясына жана дүйнөдөгү башка өлкөлөргө кеп-кеңеш, жардам берүүдө зор аракеттер көрүлүүдө. Авиан сасык тумоосунун адам баласына өткөн учурга даяр туруунун планын түзүүгө көп күч жумшалып жатат.

Жыйындан кийин Евросоюздун саламаттык комиссары куш ылаңынын Европада табылышы ал сөзсүз эле адамдардын арасында чагылгандай тез таралат дегенди билдирбей тургандыгын эскертти. Маркос Куприаноунун көз карашында, европалык өлкөлөр авиан вирусу менен күрөштө бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.

Аталган сасык тумоодон Азия өлкөлөрүндө 2003-жылдан бери 60 чакты кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG