Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

ООР КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИ АЧЫЛАБЫ?


Учурда өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал курчугандыктан криминалдык элементтер баш көтөрө баштады. Башкасын айтпаганда да жыл башынан бери эле бир нече буйуртма киши өлтүрүү катталышы буга далил. Алардын бети ачылабы, дегеле өлкөдө кылмыштуулукка каршы күрөш кандай жүрүүдө?

Кыргызстан бейпил өлкө көрүнгөнү менен кылмыштуулуктун өнүгүшү боюнча көйгөй арбын. Жыл башынан бери Жогорку Кеңештин эки депутаты жана башка бир нече адам буйуртма менен өлтүрүлүп, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалдын курчушуна алып келүүдө.

Совет доорунда деле кылмыштуулук болгонун, учурда жаңы заманга жараша анын мүнөзү өзгөрүп, масштабы кеңейгенин белгилеген экс-депутат, генерал-майор Бейше Молдогазиев азыр кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери заман табалына ылайык жабдуулар менен камсыздалган эмес дейт:

- “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей кылмыштын бети акыры ачылат. Учурдагы кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши өтө оор. Себеби, алар учур талабына ылайык жабдуу, техника менен камсыз болгон эмес. Ал эми кылмышкерлер акыркы үлгүдөгү чет элдик машина минип, техникалык жетишкендиктерди колдонуп жүрүшөт. Акыркы учурдагы оор кылмыштардын бети ачылбай калып жатканы өкүнүчтүү.

Учурда Кыргызстанда экономикалык кылмыштар, киши өлтүрүү, уурулук , алдамчылык жана башка майда кылмыштар өстү дегенге негиз бар. Жыл башынан бери ички иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 620 кылмыштын бети ачылып, мыйзам бузган 120 шектүү адам кармалган. Анын ичинен 20 адам киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмышкер катары камалган.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгынын жетекчиси, полковник Бактыбек Жусубалиев бул тармактын кызматкерлеринин айлык акысынын аздыгын, мыкты кадрлар кетип жатканын, техникалык жабдуулардын жетишсиздигин айтып, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдонгонун билдирди:

- Өлкөдө кылмыш иликтөө тармагында миңден ашуун кызматкер иштейт. Жогорку Кеңештин депутаттары буйрутма менен өлтүрүлгөн кесиптештери үчүн бизди сынга алышты. Алардын сын пикиринде негиз бар, туура сын айтылды. Биз дагы кеңешип, чукул арада чечүүчү көйгөйлөрдү билдирип, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдодук. Негизги көйгөй - техникалык жабдуулардын жоктугу. Милиция азыр “жылаңач баатыр” болуп жүргөн учур.10 жылдан бери кылмышкерлерди издөө тармагына бир дагы жаңы техника бөлүнгөн эмес. Атайын курал жабдык жөнүндө сөз кылып да кереги жок. Жакын арада өкмөт бул маселени чечип берээрине да көзүбүз жетпейт. Кыргызстан- учурда криминалдык өлкөгө айланып, кылмыштуулук күчөп баратат дегенге да негиз жок. Жылдан жылга кылмыштуулук азайып баратат десек болот.

Кылмышкерлер менен күрөшүү учурунда милициянын 15тей кызматкери курман болушкан. Алардын үй-бүлөсүн, балдарын мамлекет тарабынан камсыздоо маселеси да учур талабына жооп бербегенин адистер белгилешти.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн учур талабына ылайык техникалык жабдуулар жетишсиз, ошого карабай кылмыш иликтөөчүлөр тобокелге баш байлап иштеп жүрүшөт. Жакында дагы уюшкан кылмышкерлердин тобунун изине түшүп, аларды кармоого аракет болгонун, Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу шектүү адамдар кармалып, сурак жүрүп жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары, полковник Мелис Тургунбаев билдирди.

Маалыматарга караганда, кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкери айына 2 миң сом айлык алат. Коңшу казакстандык кесиптеши болсо 300-400 доллар айлык менен иштейт. Ошондуктан Жогорку Кеңешке кайрылууда кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкеринин айлыгына дагы 5 миң сом кошуп берүү өтүнүчү да каралган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG