Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Багдадда Саддам Хусейндин үстүнөн сот иши башталды


Ирактын мурдагы мамлекет башчысына жана анын Баас партиясына мүчө болгон жети кишиге 1982-жылы өзүнө ийгиликсиз кол салуудан кийин шийилердин Дужаил айлында 140 чакты тургунду өлтүрүүгө буйрук берген деген айып коюлууда. Эгер күнөөлүү деп табылса, айыпталуучулар дарга асуу аркылуу өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Анын аралыгында Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында жол боюндагы бомбадан бир британ аскери мерт болду. Ирак согушу 2003-жылы башталгандан бери британ армиясы 97 кишисинен айрылды. Бүгүн ошондой эле Багдаддын түштүгүндө бомба жарылып, бир америкалык аскер курман болду, экөө жарадар.

XS
SM
MD
LG