Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Борбор Азия демокаратиялык конгрессинин координациялык кеңешинин төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланды


БИШКЕК. Борбор Азия демократиялык конгресси эл аралык уюм катарында 19-октябрда Юстиция министрлигинин каттоосунан өттү. Анын курамына Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстан мамлекеттеринин демокаратиялык уюмдары, Берлиндеги демократиялык уюмдарга көмөк көрсөтүү уюму кирди. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, июль,сентябрь айында Варшава жана Берлинде Борбор Азия демократиялык конгрессинин конференциясы болуп, аталган конгресстин уставы жаңыртылган. Координациялык кеңеш түзүлүп төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланган.

1991-жылы 17-майда Бишкекте 7 мамлекеттин демократиялык уюмдарынын катышуусунда Борбор Азия демокаратиялык конгресси түзүлгөн. Анын негизги максаты - демократиялык уюмдарга саясий жана маалымат жактан жардам берүү, оппозициялык уюмдардын биригишине көмөк көрсөтүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG