Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Түндүк шайлоо округу боюнча дагы үч талапкер катталды


БИШКЕК. 19-октябрда №8 Түндүк шайлоо округдук комиссиясы депутаттыкка талапкер катары Түлеев Нариманды, Карагулов Рустамды жана Отунбаева Розаны каттоого алды. Буга чейин комиссия Николай Танаевди, Жаныш Кудайбергеновду каттаган. Ал эми 17-октябрда арыз беришкен атуулдар Садыков Канатбектин, Рустамбеков Мухутдиндин, Керимбеков Бакыттын документтери текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Аксы шайлоо округу сыяктуу эле Түндүк шайлоо округу боюнча талапкердикке арыздарды кабыл алуу 18-сентябрда соңуна чыккан. Бул эки округда шайлоо 27-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG