Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Аксы окуясында жабыркагандардын чыгымы төлөнөөрү күтүлүүдө


БИШКЕК. Аксы окуясында жабыр тарткандарга моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берүү маселесин каржы министрлиги 2006-жылдын бюджетине киргизүү жагын караштырат. Бул тууралуу каржы министрлиги «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын катына 18-октябрда берген жообунда билдирген. Мындай өтүнүч менен буга чейин Аксы окуясында жабырлангандардын адвокаты Сартпай Жайчибеков да каржы министрлигине кайрылган. Аксы райондук соту жабырлануучуларга 12 миллион 90 миң сом төлөп берүүнү өкмөткө милдеттендирген. 2002-жылы 17-мартта Аксыда милициянын элге каршы ок атуусунан беш адам набыт болуп, жүздөй адам жабыр тарткандыгы айтылып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG