Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

18-декабрда жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо болот


БИШКЕК. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 17-октябрда кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү бийликтерге талапкердигин Кыргызстандын 25 жаштан 65 жашка чейинки курактагы атуулдары койо алышат. Талапкерлерди шайлоочулар, саясий партиялар көрсөтүүгө укуктуу. Мындан тышкары тигил же бул талапкер өзүн талапкер катары сунуштай алат. Жалпысынан 18-декабрда айыл өкмөттөрүнүн, поселкалардын жана районго баш ийген шаарлардын башчыларын шайлоо үчүн 360тан ашык аймакта шайлоо болору болжолдонууда. Өлкөдө 480 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктары бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG