Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫ РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага 18-октябрда АКШ Сенатынын Эл аралык маселелер боюнча комитетинде Бириккен Улуттар уюмун реформалоо маселесине арналган жыйын болуп өттү. Ага катышкандардын айтымында, реформа узак убакытка уланат, анын керек экенин көпчүлүк мамлекеттер түшүнөт, бирок өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн дүйнө өлкөлөрү ортосунда биримдик керек.

Сенат комитетиндеги жыйынга АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон жана Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программасынын алкагындагы коррупцияны иликтеген америкалык комиссиянын төрагасы Пол Волкер катышты. Алардын айтымында, бюрократиясы эбегейсиз өсүп кеткен бул уюмду реформалоо керек экенин азыр көптөгөн мамлекет түшүнөт, бирок алар башка өлкөлөрдү да реформа талаптуу экенине көндүрүүгө тийиш. Эң негизгиси болсо - Бириккен Улуттарды күчтүү жана дүйнөлүк маселелерди чечүүгө жарактуу уюм кылыш үчүн өтө кеңири жана чечкиндүү чаралар керек.

Болтондун айтымында, андан азга АКШ макул болбойт:

- Көрүлө турган реформа бир топ кеңири болууга тийиш, абдан көп кадам жасалыш керек, андан азга биз алымсынбайбыз. Косметикалык өзгөрүү жасап коюп эле, биз жеңишке жетиштик деп айтуудан биз алыспыз.

Америка Кошмо Штаттарына азыр дүйнө өндүрүшүнүн 25 пайызынан ашыгы туура келет, ошондуктан бул мамлекет Бириккен Улуттардын жалпы бюджетинин 22 пайызын көтөрөт. Вашингтон андан да көп каражат бөлүүгө даяр, бирок 2001-жылы атайын чектөө киргизилген.

Андан тышкары, Бириккен Улуттарды түзүү идеясы дагы АКШга таандык жана анын алдында 1919-жылы пайда болгон Улуттар Лигасы дагы Вашингтондун демилгеси менен түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин негизделген ал уюм башка согуштардын алдын алууга милдеттүү болчу, бирок Экинчи дүйнөлүк согуш баары бир чыгып кеткендиктен, 1946-жылы ал тарап, анын ордуна Бириккен Улуттар түзүлгөн.

Ошондуктан Вашингтондун бул уюмга карата мамилеси өзгөчө жана анын саясатын аныктоодо АКШ алдыңкы мааниге ээ болууну каалаганы түшүнүктүү. Бирок башка мамлекеттер дагы уюмга таасир кылууга умтулат, мисал үчүн, Бириккен Улуттардын биринчи баш катчысы Тригве Ли менен Маскөө иштешпей койгондуктан, ал кызматынан кетүүгө да аргасыз болгон. Сталин болсо Бириккен Улуттарга бардык 15 советтик жумуриятты мүчө кылып киргизүү үчүн күрөшкөн, бирок акырында андай мүчөлүккө Орусия, Украина жана Беларус гана ээ болгон.

Кансыз согуш учурунда СССР жана башка социалисттик өлкөлөрдүн талабы менен АКШ жана Батышка каршы бир топ чечим кабыл алынганда, Вашингтон менен Бириккен Улуттар ортосунда пикир келишпестик пайда болгон жана президент Роналд Рейган Американын мүчөлүк төлөмдөрүн төгүүнү да убактылуу токтоткон.

Бирок уюмдун кадыр-баркына - ал бир топ дүйнөлүк кризисти чечүүдө жөндөмсүз болуп чыкканы жана коррупция катуу сокку урду. Мисал үчүн, 1948-1949-жылдарда Берлин экиге бөлүнгөндө уюм эч чара көрө алган эмес, 1962-жылы Кариб кризиси чыгып, СССР менен АКШ ортосунда өзөктүк согуш чыгып кете жаздаган. Соңку заманды алсак, 1994-жылдагы Руандадагы геноцид боюнча уюм өз убагында чара көрө алган эмес, Бириккен Улуттардын атайын коргоосундагы босниялык Сребреница шаарындагы кыргынды дагы уюм 1995-жылы токтото алган жок, Косоводогу кыргын күчөп баратканда болсо, ал - НАТО уюму күч колдонгондон кийин гана токтогон.

Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын июнунда АКШ Сенатына атайын мыйзам долбоору киргизилди жана ага ылайык, эгер Бириккен Улуттар 2008-жылга чейин реформалана баштабаса, АКШ өз төлөмүнүн көлөмүн эки эсеге кыскартат.
XS
SM
MD
LG