Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

TI: БОРБОРАЗИЯ - КОРРУПЦИЯНЫН КОРУГУ


Эл аралык Transparency International кезектеги докладын жарыялады. Документте коррупция азыркы дүйнөдө олуттуу проблемага айланганы айтылат. Transparency International 159 өлкөдөгү кырдаалга байкоо салып, алардын үчтөн эки бөлүгү коррупцияга чалдыкканын белгилейт. Отчетто Борборазия жана Кавказ аймактарындагы абалга өзгөчө тынчсыздануу билдирилген.

КМШга кирген өлкөлөрдөн Россия менен Белоруссия өткөн жылы коррупцияланган өлкөлөр тизмесинде бир нече тепкичке төмөндөп кеткен. Россия мурдагы жылы 90-орунда турса, былтыр 126 сапка жылмышып түшкөн. “Азаттыктын” кабарчысы Жеффри Донованга берген интервьюсунда Transparency Internationalдын Лондондогу бөлүмүнүн башчысы Дэвид Носсбаум Россияда айрым дурус көрүнүштөр байкалса да өкмөттүн ишиндеги ачыктык күңүрт тартып кеткенин, буга кошумча көз карандысыз уюмдарга, маалымат каражаттарына катуу кысым жасалганын айтып, ушунун баары коомдо коррупцияны кабылдоо деңгээлине таасир эткенин белгиледи.

Россияга салыштырмалуу Украина мурдагы жылдагы жадыбалда 122 сапта турса, былтыр өз көрсөткүчүн бир кыйла өйдөлөтө алды. Быйыл ал тизмеде Казакстан менен бирге 107-орунда аталган. Носсбаумдун баамында, буга былтыркы ыңкылап аркасын тийгизген өңдөнөт. Бери эле дегенде бийлик алмашкан соң бизнес чөйрөсүндө, жалпы эле коомчулукта коррупциянын кылтасы кыркылат деген ишеним болгону чын. Ал эми ушундай эле ыңкылаптар болгонуна карабастан Грузия менен Кыргызстан коррупциялык жадыбалдын төмөнкү бөлүгүнөн чыга алган жок. Бул эки өлкөдө ар түрдүү проблемалар бар, дейт Носсбаум. Экономикадагы жылыштар, тышкы рынок үчүн ачыктык ж.б.у.с. факторлор да коррупциялык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизет. Грузияда илээлеп болсо да абал жакшырып баратат, ал эми Кыргызстанга дагы көп иштерди жасоого туура келет.

Transparency Internationalдын отчетунда Борборазияда Кыргызстандан башка бир да өлкөдө эл аралык стандарттарга шайкеш келгидей эркин, адилет шайлоо өткөрүлө электиги белгиленет. Калган өлкөлөрдө постсоветтик элита бийликте турат, ошонун айынан зарыл реформалардын арымы тушалып жатат. Коррупцияланган өлкөлөргө адатта чет элдик инвестициялар аз келет, бу болсо алардын өнүгүү мүмкүндүктөрүн ого бетер тарытат, деп айтылат отчетто.

Түркмөнстан Борборазияда турсун жалпы эле дүйнөдө эң соңку орундардын бирин ээлеген. Ал быйыл Гаити жана Мянма – баштагы Бирма – менен 155-орунда аталган. Өзбекстан – 137чи, Тажикстан 144ү сапта калган.

Transparency Internationalдын иликтөөсүнө ылайык, Исландия, Финляндия, Дания, Швеция жана Норвегия коррупция жукпаган дүйнөдөгү эң таза өлкөлөргө кирет. Алкымы бузуктар менен арам колдуулар аларда дээрлик жокко эсе. Ал эми эң чоң экономикасы бар АКШ болсо ала колдордон таза эмес. АКШ коррупциянын деңгээли жагынан Transparency Internationalдын жадыбалында 17-орунду ээлейт. Евросоюздун өлкөлөрүнөн ал артта калган.

XS
SM
MD
LG