Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Кофи Аннан дүйнө коомчулугун Пакистанга жардам көрсөтүүгө үндөдү


Улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан дүйнө коомчулугун табият кырсыгынан жабыр тарткан Пакистанга жардам көрсөтүүгө үндөдү. “Пакистанга шашылыш колдоо көрсөтпөсөк, жер титирөөдөн аман калган далай адамды өлтүрүп алабыз. Биз ага жол бере албайбыз”, - деди ал. Баш катчы андан аркы сөзүндө Пакистанда ушу тапта 3 миллиондой адам үй-жайсыз калганын, күн сууктап бараткан чакта алардын көбүндө алачык тургай, жамынаар төшөгү жок экенин белгиледи. Улуттар уюмунун баамында, пакистандыктарды ачарчылык менен сууктан коргоп калыш үчүн чукул арада 312 млн. доллар зарыл болсо, ушу күнгө дейре анын 12%ы гана донорлор тарабынан берилээри ырасталган. 8-октябрь күнү Кашмир чөлкөмүн катуу силкинткен зилзаладан 48 миңдей адам мерт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG