Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

ООГАНСТАНДА МУЗЫКАНТ БОЛУУ КОРКУНУЧТУУ


Ондогон жылдарга созулган согуштар, андан кийин талип жетекчилеринин музыканын бардык түрүн жектеген саясаты Ооганстанда классикалык музыканын дээрлик унутта калышына алып келди. Талиптердин бийлиги кулагандан тарта ооган музыканттары канчалык аракет кылганы менен, экономикалык каатчылык, ага кошулуп талиптердин калдыктарынын коркутуп-үркүтүүлөрү дагы эле Ооганстанда классикалык музыканын гүлдөп-өнүгүшүнө тоскоол болуп келатат.

Талиптердин бийлиги кулагандан көп өтпөй 2002-жылдын жазында Вардак провинциясында эл “Ноорузду” майрамдаганы чогулат. Беш жыл бою талиптер тыюу салып, музыка укпай тунжурап калган жүздөгөн адамдар оогандардын улуттук аспабында ойноого батынган жалгыз эржүрөк адамды кулак түрө тыңшап турушту. Ири провинцияда майрамдарда элди бийге чакырган дол аспабында ойной турган же сурнай тарта турган башка адам калбаптыр. Айласы кеткен аскербашчылар долдун даңгыраган күүсүнө Калашников автоматынын дабышын коштотууга буйрук беришти.

Ооганстанда жашоо акырындап жайланып, алыскы чет өлкөлөргө, коңшулаш Пакистан, Иранга башпааналап кеткен жүз миңдеген качкындар үйлөрүнө кайтып, кайрадан майрам-тойлордо “Атан-и-мили” улуттук бийин дол, сурнайдын күүсүнөн жаралган классикалык музыка коштой баштады.

Ошентсе да, Ооганстандык музыканттардын өнөрү өтө кооптуу кесип бойдон кала берүүдө. Өткөн айда Йовжан провинциясында үйлөнүү тоюнда ырдап, элдин көңүлүн ачып кетип бараткан жеринен түркмөн ырчысы Кураб Назар жанында жүргөн алты музыкант менен кошо буктурмадан жаадырылган октон жантаслим болушту.

Полиция бул окуя үчүн жана башка провинцияларда музыканттарга жасалган чабуулдар үчүн талиптерди күнөөлөп келатат.

Ооган музыкасы обон, аспаптар өзгөчөлүгү жагынан коңшулаш Индияга түспөлдөшүп кетет, бул байыркы замандагы байланыш-катыштын таасири, бирок эки элдин музыкалык өзгөчөлүгүн ажыратып таануу кыйын эмес.

Муундан муунга оозеки түрүндө окутулуп-уланып келаткан классикалык ооган музыкасы 20 жылдан ашуун мезгилге созулган уруштар маалында кыйла жабыр тартты. Кандуу жылдарда эч жакка кетпей, Ооганстанда жашаган музыканттар чанда гана кездешет. Талиптер музыканын бардык түрүнө тыюу салып, андай өнөрү бар адамдарды кысмакка алып турган шарттарда ооган элинин кылымдар кечирген музыкалык мурасы бирок жоголуп кеткен жок. 12 жашынан бери рабаб аспабында ойноп келаткан Атикулла Сангин азыр 60 жашка чукулдап калган курагында жаш таланттарды чогултуп, эч кандай акча албай өз өнөрүнө үйрөтүп жатканы ага далил.

Сүрөттө: Ооган турмушунан бир көрүнүш.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG