Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

БИШКЕКТЕ ӨЗБЕКСТАНДЫК УКУК КОРГООЧУЛАРДЫ КОЛДОГОН ПИКЕТ ӨТТҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 20-октябрда Бишкектеги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдардын өкүлдөрү нааразылык акция өткөрүштү. Нааразылык чарага Бишкекте куугунтукта жүргөн өзбекстандык журналисттер да катышты. Анда өзбек укук коргоочулары менен эркин журналисттерди куугунуктоо токтотуу талабы коюлду.

Нааразалык чарага бир катар бейөкмөт уюмдар, алардын ичинде «Атуулдук коом коррупцияга каршы», «Эл аралык толеранттуулук үчүн», «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдарынын, Адам укуктары боюнча кыргыз-америка бюросунун, «Келкел», «Бирге» жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар «Өзбекстандык укук коргоочуларын куугунтуктоо токтотулсун», «Мутабор Тожибаевага боштондук!» жана «Анжиян окуялары кайталанбайт!» деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту.

Кыргыз укук коргоочулар белгилешкендей, Өзбекстанда 13-14-майдагы Анжиян окуяларынан кийин укук коргоочуларды жана эркин журналисттерди куугунтуктоо кескин күчөдү. Бүгүнкү күндө ондогон укук коргоочулар менен журналисттер бейкүнөө камакка алынган

Пикетте турган «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова нааразылык акциянын талаптары жөнүндө мындай деди:

- Биз Өзбекстандын бийлигинен укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын номинанты Мутобар Тожибаеваны абактан бошотууну, укук коргоочулар менен журналисттерди куугунтуктоолорду токтотууну, Өзбекстанга өлкөдөгү соңку окуяларды иликтөө үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын өкүлдөрүн жана уюмдун жумушчу тобун киргизүүнү өтүнүп жатабыз.

Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова акциянын максаты жөнүңдө буларды айтты:

- Биз ушул акция аркылуу өзбек бийлиги азыркы түзүлгөн кырдаалды башкача көз караш менен карап, куугунтуктоолорду токтотот деп ишенебиз. Биз өзбек бийлигинен азыр бейкүнөө камакта отурган укук коргоочулар менен журналисттерди адвокаттар менен камсыз кылууну, аларга бир туугандары менен жолугууга уруксат берүүнү, камактан саясий активисттерди, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды тез арада чыгарууну талап кылып турабыз.

Нааразылык акцияга учурда Бишкекте башпанеек издеп жүргөн өзбекстандык эркин журналисттер да катышты. Алардын бири, согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институтунун кабарчысы Толкун Кораев Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу мындай дейт:

- Мен 8-июлдан бери Бишкекте качкын катары жүрөмүн. Бул пикетти мен кыргыз укук коргоочулары өзбек элин, укук коргоочуларды, журналисттерди коргоо үчүн чыгып жаткан чара катары баалайт элем. Азыр Өзбекстанда укук коргоочуларды, журналисттерди массалык түрдө камактарга салуу башталды. Өзбекстанда сөз эркиндиги жок, аны өзүңөр жакшы билесиңер. Сот системасы толугу менен коррупцияланган. Күнөөсү жок адамдар өлүм жазасына чейин тартылышы мүмкүн. Эми бүгүнкү бул акция Кыргызстандын жана Өзбекстандын укук коргоочуларынын тыгыз байланышта экендигин, бири-бирин колдоорун айгинелеп турат.

Ал эми Өзбекстандагы журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо уюмунун жетекчиси Юсуф Расулов болсо, президент Ислам Каримов тарабынан жүргүзүлгөн саясатын сындаган пикирин мындайча билдирди:

- Бизде Анжиян окуясынан кийин массалык түрдө укук коргоочулар менен журналисттерди куугунтуктоо, камоо башталды. Аларга жок жерден күнөөлөр тагылып жатат. Өзбек өкмөтү мындай саясатын токтотушу керек. Муну менен Өзбекстандын бийлиги эл аралык коомчулуктун алдында да уят болуп отурат. Ал эми Анжиян окуясы боюнча иликтөө жүргүзүүгө эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнө Өзбекстанга кирүүгө тыйуу салынды. Эл Каримовдун авторитардык режиминен тажап бүттү.

Нааразылык акцияга чыккандар укук коргоочулар Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго, адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту. Анда Өзбекстанда адам укуктарын тебелеп-тепселөөнү, укук коргоочулар менен эркин журналисттерди куугунуктоону токтотуу талаптары айтылган.

Пикеттин катышуучулары Өзбекстандын элчилигинин алдында бир саат турушту. Алар менен жолугушуп, талаптарын угууга элчиликтен эч ким чыккан жок.

XS
SM
MD
LG