Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Акыйкатчы: Жаза өтөө жайларына куралчан киргенге болбойт


БИШКЕК. Жаза өтөө жайларына куралчан адам кирүүгө болбойт жана депутаттын жан сакчылары да куралын таштап, анан кириши керек болчу. Мындай пикирин Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” 20-октябрда билдирди:

- Жазаны өтөө жайларына куралчан киргенге болбойт. Бул мыйзамда тыюу салынган эреже. Атайын кызматтарга гана уруксат. Депутаттын жан сакчысы деген атайын кызматтарга кирбейт да.

Президенттин маалымат кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиев билдиргенге караганда, бул окуя боюнча күч структуралары президентке баяндама жасашты. Мамлекет башчы 31-колонияда болгон окуяны тыкыр териштирүүнү тапшырды жана жеке көзөмөлүнө алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG