Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

CАДДАМДЫН СОТУНА КЫЗЫГУУ КҮЧ


Саддам Хусейндин соту 19-октябрда башталаары менен эле, бир нече сааттан кийин токтоп калды. Адвокаттарга даярдануу иштерине 40 күн берилип, сот иши кайра 28-ноябрда улана турган болду. Бирок бүт дүйнөдө телекөрүүчүлөр соттун жүрүшү менен таанышууга мүмкүндүк ала алышты, ошондуктан Ирактын мурдагы президентинин үстүнөн сот иши канчалык адилет болоору жөнүндө көз караштар арбын айтылууда.

Көптөн күтүлгөн Саддамдын соту биринчи эле күнүндө көп жылыштарсыз, кийинкиге калтырылды. Бирок жарым күндүк сот жараянынын бир бөлүгү коомчулукка теледен көрсөтүлдү жана Иракта экс-президенттин тагдыры тууралуу кызуу талаш-тартыш кайра дүрт этти.

Багдаддын тургуну Хасан Билал бул боюнча мындай дейт:

– Саддам Хусейн сотто эркин сүйлөп атты, сүттөн ак кишиден бетер. Саддам үчүн Дужайлдагы кыргын боюнча эле өзүнчө трибунал түзүү зарыл. Ушул кылмышы үчүн гана ал өлүм жазасына тартылышы керек.

Саддам жана анын жети өнөгү Дужайл айлында 1982-жылы 143 эркекти өлтүрүүгө буйрук берген деген айып менен соттолууда.

Бирок Саддамдын туулган шаары Тикритте экс-президентке жан тарткандар да жок эмес. Тикриттин мына бир тургуну «Ройтерс» агенттигине Саддам эмес, Ирактын бүгүнкү жетекчилери соттолушу керек деп айтты:

– Бул адилет сот болот деп үмүттөнөбүз. Бирок эгер алар массалык көрүстөндөр үчүн соттойбуз дешсе, Анбар шаарындагы, дагы башка жерлердеги азыркы массалык кыргындарга жол бергендерди да соттошсун. Ирактыктар миңдеп кырылып жатпайбы. Саддам Хусейндин соту адилет болушун бир кудайдын өзүнө койдук.

Иракта Саддамды күрддөр менен шийилер айрыкча жек көрүшөт. Саддамдын күчтөрү 1980-жылдары күрддөргө, 1991-жылы шийилерге каршы кандуу операцияларды жүргүзүшкөн. Аларда миңдеген кишилер курман болду.

Саддамдын бийлиги сунни арабдарга таянган, ошондуктан бул жамаат салыштырмалуу бардар жашаган. Бүгүн Ирактын борбордук аймактарын жерлеген суннилер АКШнын оккупациясын жектеп, шийилер үстөмдүк кылган азыркы өкмөткө ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышат.

Саддамдын сотуна Жакынкы Чыгыштын башка аймактарында да кызыгуу зор болуп жатат. Каирдеги cаясий жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Набил Абдел Фаттах Египеттин тургундары буга бир беткей көз карашта эмес экендигин мындайча айтып өттү:

– “Мусулман боордоштугу» сыяктуу исламдык кыймылдарды айтсак, алар бул соттордун көз карандысыздыгы кепилденген эмес, коргонуунун укуктары сакталбайт деп эсептешет. Алар сотту Иракта Саддамдын Баас режиминин кулашына алып келген оккупациялык операциянын уландысы деп билишет. Бирок либералдар Саддамдын үстүнөн башталган сотту абдан туура деп санашат, анткени диктаторлор жана анын өнөктөрү Жакынкы Чыгышта биринчи жолу сот жообуна тартылып жатпайбы.

Дүйнөлүк лидерлердин көпчүлүгү Ирактын кайра ынтымакка келиши үчүн, Саддам Хусейндин соту акыйкат болушу керек деп эсептешет. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан шаршембиде Ирактын сот системасын Саддамдын сотунда эл аралык стандарттарды сактоого чакырды. Шаршемби күнү Саддам жана анын өнөктөрү өздөрүнө коюлган бардык айыптарды четке кагышты. Саддам ошондой эле өзүн Ирактын президентимин деп атап, соттун ыйгарымын таануудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG