Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Ооганстандагы америкалык аскерлер өлгөн талибдерди өрттөгөн деп айтылууда


Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилигинин айтымында, Австралия сыналгысы кечээ күнү обого чыгарган кабар чындыкка жатпайт болуш керек, бирок жетекчилик баары бир кылдат тергөө жүргүзөт. Сыналгы кабарына караганда, октябрдын башында америкалыктар менен болгон кагылышуу учурунда окко учкан эки талиб жоокердин денелерин америкалык аскерлер кийин өрттөп жиберген. Аны америкалыктардын арасында жүргөн австралиялык оператор видеого тартып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG