Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Азербайжандын оппозиция жетекчилеринин бири Расул Гулиев камактан бошотулду


Дүйшөмбү күнү кармалган азери оппозициялык саясатчыларынын бири Расул Гулиев бүгүн украиналык сот тарабынан бошотулду. Анын адвокаты Осман Казимовдун айтымында, Азербайжан өкмөтүнүн талабын сот четке какты:

- Камакта кармоо мөөнөтүн узартуу суранычын дагы, Гулиевди Азербайжанга өткөрүп берүү талабын дагы сот четке какты. Азери тарап жиберген документтер негизсиз деп табылды.

Гулиев мурда Азербайжан парламентинин спикери болуп иштеген жана 1996-жылы АКШга кетип, ал жактан баш калка алган. 6-ноябрда Азербайжанда өтө турган парламенттик шайлоого ал талапкер болуп катталган, бирок 17-октябрда өлкөгө кайтып келатканда Украинанын Симферопол шаарында Интерполдун талабы менен кармалган. Бакы шаарында болсо кечээ күнү кызматынан алынган экономика министри Фархад Алиев камакка алынды. Бийликтин айтымында, Гулиев менен биригип, ал мамлекеттик төңкөрүш даярдап жаткан. Андан тышкары саламматтык сактоо министри Али Инсанов жана башка бир нече жетекчи кызматынан алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG