Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

ООГАНСТАНДЫН ДА ӨЗ ПККсы БАР


Ооганстанда ар кыл мамлекеттерден келген өнүктүрүү кызматкерлери менен аскерлерден турган Провинциалдык кайра куруу командаларынын саны бүгүн 22ге жетти. Ушунун өзү ПККлар оогандардын, Кошмо Штаттарынын жана НАТО жетекчилеринин арасында колдоого ээ болуп жаткандыгын айгинелейт. Жергиликтүү абалды турукташтырып, борбордук өкмөттүн көзөмөлүн бекемдөөнү көздөгөн мындай топтор келечекте Иракта да түзүлүшү мүмкүн.

Провинциалдык кайра куруу командалары же ПККлар Ооганстанда биринчи жолу мындан үч жыл мурда иштей баштаган. Бүгүн алар эл аралык уюмдардын колдоосуна ээ экендиги аныкталып отурат. 22 команда бүгүн түндүк-чыгыштагы Файзабаддан түштүктөгү Кандагар шаарына чейинки аймактарда бар. Алар негизинен көпүрө куруп, мектеп, ооруканаларды калыбына келтиришет, айрым учурда жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлерин машыктыруу менен алектенишет. Ал эми өткөн айда ПККчылар парламенттик шайлоонун мезгилинде коопсуздукту камсыздоо ишине да катышышты. Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла өткөн айда Вашингтондо тышкы саясат эксперттери менен жолукканда турукташтыруу ишинде ПККлар конструктивдүү рол ойноп жаткандыгын мындайча бышыктады:

– Жалпы жонунан жакшы тажрыйба болду. Терроризмге каршы түздөн-түз күрөш жүргүзбөгөнү менен, алардын иши Ооганстанды турукташтыруу аракеттерине колдоо болуп, ошол жол менен бул күрөшкө салым кошуп жатат.

Кайра куруу топторун биринчи болуп киргизген Кошмо Штаттары азыр ооган жергесинде 14 ПККны иштетип жатат. Мындай топко адатта 80 чакты аскер жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү агенттиги - ЮСАИДдин бир нече кызматкери кирет. Алар негизинен экономикалык жардам көрсөтүшүп, тез арада жыйынтык берүүчү иштер менен алектенишет, мисалы кудук казып, мектептерди оңдоп, жол салышат. Литванын аскерлери батыштагы Чагчаранда, Голландия - Пули-Кумриде, Германия - Файзабатта, Италия - Хератта, Британия Майманада өз топторун кармап турат. Мазари Шариф менен Кундуздагы ПККлар НАТОнун көзөмөлүндө, НАТОго кирбеген Жаңы Зелландиянын Бамянда командасы бар, Австралия да өз ПККсын түзүүнү караштырып жатат.

Бул мамлекеттердин көздөгөнү - бейпилдикти бекемдеп, Кабул өкмөтүнүн көзөмөлүн кеңейтүү. Ошол эле убакта, чөйрөгө жана аскер кошкон ар бир өлкөнүн максаттарына жараша, бул топтордун иши ар башкача жүргүзүлүп келет. Мисалы, Германия аскерлер турактан канчалык алыска, канча саатка сыртка чыга алышаарын Голландиянын өкмөтүнөн бөлөкчө аныкташы мүмкүн. Мындай ийкемдүүлүк улам жаңы өлкөнүн кошулушуна жагымдуу шар түзүүдө. Ошол эле убакта иш ыргагында стандарттын жоктугу жана иштин канчалык майнаптуу болуп жаткандыгынын изилденбегени белгилүү кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Бул тууралуу АКШнын Тынчтык Институтунун адиси Роперт Перито мындай дейт:

– ПККлардын башкы кемчиликтеринин бири - алардын ишинде стандарттын жоктугу жана иштин жыйынтыгына баа берүү методдорунун аныкталбагандыгы болуп жатат.

Ошол эле мезгилде америкалык армиянын лейтенанты Даррел Пиермандын билдиришинче, үстүбүздөгү жылда ишти координациялоодо жылыштар болуп жатат:

- Ишибиз кыйла бир ыргакка салынып калды, аркы-теркини ойлонгон кишилер биз ишти белгилүү бир нукка салышыбыз керек экендигин түшүнүп калышты.

Анын аралыгында АКШнын бийлик өкүлдөрү Ооганстандагы провинциалдык кайра куруу топторунун тажрыйбасын Ирак сыяктуу өнүктүрүү чараларына айрыкча муктаж өлкөлөрдө да колдонууну ойлонуштуруп жатышат.

XS
SM
MD
LG