Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Кубат Оторбаев Бүгүн - 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары саат 12де чукул жыйынга чогулушуп, депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулашат. Жыйынга премьер-министр Феликс Кулов жана күч органдарынын өкүлдөрү катышмакчы. Тынычбек Акматбаевдин сөөгү болсо бүгүн өзү туулуп-өскөн Ысык-Көлгө коюлмакчы.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан алынган маалымат боюнча депутат Т.Акматбаев баштаган топ Молдовановкадагы № 31 абакка ал жердеги абал менен таанышуу максатында барган. Ал жерди кыдыруу учурунда узак мөөнөткө соттолгон Рустам Абдулин (1976-жылы туулган) Тынычбек Акматбаевге биринчи болуп ок аткан. Андан соң ок Жогорку Кеңештин эксперти Т.Оморовго жана депутаттын жардамчысына тийген. Дагы бир журналист каза болгон деген маалымат бар. Ал эми үч адам ар кандай деңгээлде жаракат алышкан: Жаза өтөө башкармалыгынын начальниги И.Полотов, Жогорку Кеңештин кызматкери И.Санжыров жана прокуратуранын өкүлү З.Калиев.

Тынычбек Акматбаев - быйыл 24-марттан кийин окко учкан үчүнчү дептутат. Буга чейин депутат Жыргалбек Сурабалдиев өзүнүн фирмасынын алдында, ал эми 21-сентябрда депутат Баяман Эркинбаев үйүнүн алдында атылган октон каза болушкан.
XS
SM
MD
LG