Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Жалалабат облусунда күйдүргү илдети таралуу коркунучу бар


ЖАЛАЛАБАТ. Күйдүргү оорусунун алдын алуу боюнча облустук ветеринардык кызмат илдет чыккан жана ал оору күмөндөлгөн жайларда алдын алуу чараларын жүргүзүүдө. Күйдүргү оорусу ай башында Базаркоргон районунун 2 жаранына союлган кой этинен жуккан. Ооруга байланыштуу Ооган талаа жана Жараке айылдары менен райондук мал базарга карантин жарыяланган. Күйдүргү чыгуусу күмөндөлгөн Ноокен жана Сузак райондорунан 3 ири мүйүздүү мал текшерилип, оору аныкталган жок. Сибирь жарасы чыккан айыл-кыштактардагы тогуз жүздөн ашык жылкы менен 7 миңге жакын ири мүйүздүү жана 12 миңден ашык майда малга профилактикалык эмдөөлөр жасалды. Мындай маалымат 21-октябрда облустук ветеринардык башкармалыктан алынды. Облустук санитардык-эпидемиологиялык кызмат күйдүргү жуккан адамдар дарыланып, алардын жакындарына эмдөө жасалганын билдирди. Оору чыккан аймактар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Облуста күйдүргү дартынын аныкталган 300 очогу бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG