Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун ортосундагы кызматташтык өнүгүүдө


БАТКЕН. 21-октябрь күнү Тажикстандын Согду облусу менен Баткен облусунун бейөкмөт уюмдарынын, бажы кызматтары менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда тегерек үстөл талкуусу болду. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун “Үйүңүздө тынчтык болсун” долбоорунун алкагында уюштурулган бул жыйында жыл башынан бери жүргүзүлүп жаткан эки тараптуу кызматташууга баа берилип, мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз болду. Аталган уюмдун Баткендеги бөлүмүнүн кызматкери Абдыкапар Каратаевдин айтымында, акыркы мезгилде Тажикстандын Согду облусу менен Баткен облусунун ортосунда кызматташуу кыйла жанданды жана анда бейөкмөт уюмдардын таасири чоң. Мындан сырткары ушул эле жумада кошуна эки облуста кыргыз-тажик аялдарынын, токой кызматкерлеринин жана мектеп окуучуларынын ортосунда да жолугушуулар болду.

XS
SM
MD
LG