Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Жаңы саясий партия түзүлдү


БИШКЕК. «Көз карандысыз жашоо» деген дагы бир жаңы пайда болду. Партиянын башкы максаты катары мүмкүнчүлүктөрү чектелген атуулдардын медициналык жардамга, билим алууга, эмгекке, турак-жайга, эс алууга болгон укуктарын камсыз кылуу белгиленген. Партия ошондой эле мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык, экономикалык, атуулдук укуктарын кеңейтүү багытында да иш алып бармакчы. Бул тууралуу 21-октябрда «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда айтылды. Партия 10-октябрда юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Анын төрагалыгына Толкунбек Исаков дайындалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG