Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Депутаттын өлүмүнүн себеби боюнча пикирлер ар кыл


БИШКЕК. 20-октябрда №31-жаза өтөө жайында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу окуя уюшулган кылмыш топторунун өкүлдөрүнүн бийлик органдарына чейин кирип барышына байланыштуу болду. Мындай пикирин 21-октябрда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирди. Анын көз карашында, бул окуя уюшулган кылмыш топтору менен бийлик өкүлдөрүнүн аралашып кеткенинин натыйжасы болуп эсептелет. Криминалдык дүйнөнүн, уюшулган кылмыш топторунун өкүлдөрүнө мамлекеттик органдарда иштөөгө, тартип коргоо органдарынын башкарууга болгон аракеттерине бөгөт коюлушу керек. Кылмышкерлер мамлекетти башкарууга умтулбай, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек, дейт Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG