Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Кагылышууда окту биринчи ким чыгарган?


БИШКЕК. Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин ондон ашуун депутаты катышкан чакан жыйын 21-октябрда парламентте өттү. Жыйында өкмөт башчы Феликс Кулов, Ички иштер министри Мурат Суталинов, Баш прокуратуранын өкүлү Кубаныч Мамакеев маалымат беришти. Баш прокуратуранын кызматкери Кубаныч Мамакеевдин маалыматы боюнча депутат жана эки адамдын өлүмүнө алып келген кагылышууда биринчи ок түрмөдө отургандар тарабынан чыгарылган:

- Калиевдин берген көрсөтмөсү боюнча, биринчи ок түрмөдө отургандар тарабынан атылган.

Деген Баш прокурордун өкүлү ок атышуудан депутат Тынычбек Акматбаев, Жогорку Кеңештин эксперти Талас Оморов жана депутаттын жардамчысы Х. Алымкулов каза болушкандыгын маалымдады. Ошондой эле атышууда жаза өтөө башкармасынын башчысы Ихматулла Полотов, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы З. Калиев жана депутаттын жардамчысы Санжыров дененсинен ар кандай деңгээлде жаарат алышкан. Алардын ичинен Ихматулла Полотовдун абалы оор деп кошумчалады Баш прокуратуранын өкүлү Кубаныч Мамакеев.

Ал эми Адилет министрлигинин жаза өтөө башкармалыгынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, депутат Тынычбек Акматбаев жетектеген топ Молдовановка айлындагы түрмөнүн абалы менен толук таанышып чыгып кетип баратканда, алардын алдынан ошол түрмөнүн авторитети делинген, «жыйырманчы» деген аты бар Рустам Абдулин жетектеген 200 дөй адам тосуп чыгышкан. Көп өтпөй алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, биринчи окту Рустам Абдулин чыгарып, анын аткан огунан депутат Акматбаев каза болгон.

XS
SM
MD
LG