Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

АКШга дагы бир бороон-чапкыт жакындоодо


“Уилма” бороонудан улам Мексиканын Юкатан жарым аралынын жээк жагынын калкы жана туристтер шашылыш көчүрүлүүдө. Толкун аралаш шамал саатына 240 чакырым ылдамдыкта жээктеги Канкун шаарына көздөй баратат. Табигый апааттан сактануу үчүн Куба өкмөтү 200 миңден ашуун адамды коопсуз жайларга көчүрдү. Метерологдордун айтымында, бороон Мексика менен Кубаны каптагандан кийин, АКШнын түндүк чыгышын жана түштүгүндөгү Флорида штаттын көздөй жылып жөнөйт.

Кечки эл аралык кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу жана Жаңыл Жусубжан даярдашты

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG