Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Сирия Харирини өлтүрүүгө катыштыгы жок экенин тастыктай алабы?


Улуттар Уюмунун тергөөчүлөрү Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмү боюнча даярдаган иликтөөнү Сирия саясый максаттан жасалган жана калп деп атады. Харири февралда Бейрутта бомба жардыруусунда набыт болгон. Коопсуздук Кеңешине бейшемби күнү тапшырылган билдирүүдө Харирини өлтүрүүгө Сириянын жана Ливандын бийик даражалуу ырасмий адамдары катышканын күбөлөгөн далилдер табылганы айтылат. Ливандын президенти Эмил Лахуддун кеңсеси Хариринин машинеси жарылгандан бир нече мүнөт мурда кол салууну уюштуруучулардын бири деп шектелген адам менен телефондон сүйлөштү деген маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG