Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

ЖАРАНДЫК КООМ КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН ИШИНЕ КАБАТЫР


Кыргызстан аймагында иштеп жаткан 90дон ашык бейөкмөт уюм Конституциялык кеңешменин ишине байланыштуу кайрылуу менен чыкты. Президент Курманбек Бакиевге жолдонгон бул кайрылууда жарандык коом кеңешмеде регламенттик жоктугуна тынчсыздануусун билдирген.

Жарандык коомдун кайрылуусуна караганда, Конституциялык реформа жасоо максатын көздөгөн Конституциялык кеңешме ишин регламентсиз, баш аламан алып барып жатат. Сунуштарды иргөө, талкуулоо, добуш берүү иретинин жоктугу Конституциялык кеңешменин аброюна доо кетирип, мыйзам долбоорун даярдоодо бурмалоолорду шартташы ыктымал, деп эсептешет бейөкмөт уюм өкүлдөрү.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Медеткан Шеримкулов иштин башталышындагы мындай чаржайыттыкты кадырэсе көрүнүш катары баалайт. Анткени, 300 кишиден турган Конституциялык кеңешменин бир мыйзам долбоорун иштеп чыгышы өтө оор болот. Бул жагынан экс-спикердин пикиринде редакциялык топтун түзүлгөнү туура болду:

- Ошол туура болот. Ошол редакциялык комиссия бир вариантын иштеп чыгып, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө берсе, анан ошол редакциялык комиссия иштеп чыккан вариантты Конституциялык кеңешмеде беренелер боюнча талкуулай башташы керек. Ошондо тартип болот, ар ким эле оюндагысын айта берсе, баягы эле баш аламандык болот.

Президент Курманбек Бакиев баштаган Конститутуциялык кеңешме жаңы курамдагы ишин 13-октябрда баштап, ошол эле отурумда редакциялык топ түзгөн. Бул топтун курамына президенттен, өкмөттөн, жарандык коомдон, сот тармагынан, парламенттен, жер-жерлерден жетиден өкүл кирди. Президенттин буйругу боюнча бул топ пикирлерди топтоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна сунуш даярдайт.

Бирок айрым көз караштарда редакциялык топ сунуштарды даярдоодо жеке кызыкчылыктарга жол берилип калыш ыктымалдыгы белгиленүүдө. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, редакциялык топ Конституциялык кеңешменин курамынын ашкере көптүгүнөн түзүлүп жатат, бирок бул топ калыс ишейт алабы – бул дагы күмөн туудурат:

- Менин редакциялык топко да шегим бар. Анткени, редакциялык комиссиянын укуктары кандай болот, кайсы тараптын айтылганы көбүрөөк жазылат? Баягы 2002-жылкы эксперттик топко теңелип калбаса деген коркунуч бар.

Сарпашевдин көз карашында, Конституциялык реформа өтө тыкан, жыйнактуу иш алып барбаса, бирин-экин пикирге таянуу аркылуу көпчүлүктө жалпы кызыкчылыкка төп келбеген жоболор өтүп кетишинен сак болуу керек.

Анткен менен Конституциялык кеңешменин демилгелүү катмары жаңы түзүлгөн редакциялык топ долбоорго ар тараптан келип түшкөн мурдагы, кийинки сунуштарды таразалап, сунуш кылаарына ишенип жатышат. Алардын бири, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун билдиргенине караганда, редакциялык топтун сунуштарынын негизинде баш мыйзамдын долбоорун баары бир Конституциялык кеңешме иштеп чыгат. Бул жагынан ал бейөкмөт уюмдардын кеңешменин ишин тартипке келтирүү жөнүндөгу демилгесин колдойт. Мунун далили катары кеңешменин регламенти жөнүндө долбоордун даярдалып жатышын белгилөөгө болот:

- Азыркы кезде, албетте, бейөкмөт уюмдар гана эмес, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү болуп биз регламенттин долбоорун даярдап атабыз. 25-октябрдагы экинчи отурумунда биздин оюбузча, эң башында регламент кабыл алынышы керек. Анда атайын эрежелер болушу керек. Ошондуктан, биз кесиптештерди толук колдойбуз.

Президенттин 6-октябрдагы жардыгына ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун Конституциялык кеңешме 25-декабрга чейин даярдап бүтүшү керек. Анын соңунан Баш мыйзамдын долбоорун парламентке сунуштоо жараяны башталмакчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG