Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

ОРУС ТОКОЙЛОРУНДА КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫНЫН МҮРЗӨЛӨРҮ КӨБӨЙҮҮДӨ


Жашоо-турмуштун оордугунан жүз миңдеген кыргызстандыктар Орусия Казакстан өлкөлөрүндө иштешип, түрдүү укук бузууларга туш болуп жатканы айтылып келет. Иш таппай көчөдө калып, дайынсыз жоголгондору же бөтөн жерде каза тапкандары да аз эмес. Жалалабат облусунда болгон тышкы жана ички миграция проблемаларын талкуулаган бейөкмөт уюмдардын талкуусунда мамлекеттер аралык келишимдер иштебей, эмгек мигранттарын легалдаштыруу маселеси кыйындыгы, чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктардын укугу корголбой жаткандыгы белгиленди.

Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын изилдеген «Шаркет» коалициясынын башчысы Бүбүайша Арстанбекова Казакстанда 160 миңден 250 миң, Орусияда 250 миңден 500 миңге чейин кыргызстандык жашырынып иштеп, түрдүү азап-тозокторго кабылаарын айтты. Мыйзамдуу жүрүүгө укуксуз мигранттардын көчөдө калып, өлгөндөрү да аз эмес. Маселен, бир эле Баткен облусунан 72 эмгек мигранты көз жумган. Орус токойлорунда кыргызстандыктардын белгисиз мүрзөлөрү көбөйүүдө, өлгөндөрдүн сөөгүн ата-мекенине алып келүү машакаттуу:

- Жашырып койгон фактыларды көрүп келдик. Башка жакта иштеп жүрүп каза болуп калгандардын сөөгүн бул жака мыйзамдуу түрдө алып келүү бизде каралган эмес. Орусиянын Самара шаарынан 27 жаштагы жигит каза болуп калып, сөөктү мыйзамдуу түрдө салыш үчүн элчиликтен көптөгөн документтер керек экен. Орусиянын өзүнүн мыйзамы бар, ошого жараша абдан көп документтерди топтош керек. Ал эми сөөк ал жерде кармалып турбайт да - деди Бүбүайша Арстанбекова.

Расмий маалыматтарга таянсак, облустун 27 миң тургуну Орусияда жүрөт. Миграция кызматы четте иштөөгө зарыл документтерди түшүндүргөн иш-чараларды өткөргөн. Бирок, каражат табуу үчүн малын сатып, же карыз акча алып, башка жакка сапарга чыккандардын агымы азайбады:

- Винрог аркылуу элге түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Ар квартал сайын башка жактарга кеткендер жөнүндө тактап, анализ жүргүзөбүз, - деди миграция кызматынын өкүлү Мирлан Акамбаев.

Бейөкмөт уюмдун башчысы Жанна Саралаева жашоого жетчү каражаттын аздыгы элеттиктерди иш издөөгө мажбурлаганын айтты:

- Элдер жашоо-шартынын кыйындыгына карап, эмнеси болсо дагы кетип атышат. Өлүп келип атышат, жоголуп кеткендер да бар, акчасы жок үйүнө келалбай жүргөндөр да бар.

Мамлекеттер аралык келишим иштеп, эмгек миграциясы мыйзамдаштырылса, мигранттардын түйшүгү азаймак. Паспорттун тартыштыгы аз келгенсип, анда атайын бет ачтырууга бюрократия тоскоол:

– Менин досторум чет өлкөдө иштөөнү каалашат. Бирок, паспорттун чет элдик бетин ачуу ишине 3-4 ай кетет. Аны даярдагыча иштөөгө ыңгайлуу убакыт өтүп кетет. Укуктук аң-сезимдүүлүккө жетүүнү ар бир эле жаран түшүнө бербейт, - дейт укук коргоочу Мураталы Үчкемпиров.

Талкууда «Эмгек мигранты» аттуу улуттук программа түзүүнүн жоболору кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG