Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Кытайда бир ымыркай үч жарым миң долларга бааланабы?

Кытайдын коопсуздук органдары жаш балдарды Интернет аркылуу сатуу аракетин иликт “Чайна Дэйли” гезити жазгандай, эркек балдар 3 жарым миң долларга, кыздар болсо 1 миң 600 долларга бааланган. Соодагер балалуу боло албаган миллиондогон үй-бүлөгө жардам бергиси келээрин айтат. Тирүү товар төрөлгөндөн 100 күн өткөндөн кийин сатып алуучуга жеткирилет, - деп жазылат жарыяда. Бирок балдарды сатып алууну каалагандар табылган жок. Балким, аукцион кимдир бирөөнүн тамашасыдыр, бирок бул окуя балдарды сатуу маселеси Кытайда курч экенин дагы бир жолу көргөздү.

“Сыр дүйнөсүнүн Титаниги”

Сыр чыгаруучу канадалык бир фирма бир тонна продукциясын жоготуп жиберди. Фирма былтыр жергиликтүү көлдүн түбүнө бир тонна сырды сактап койгон эле. Жай бою адистер камера, гидролокатор жана башка жабдыктардын жардамы менен сырды издеп, бирок таба албай коюшту. Бул жерден аны суунун астына эмнеге катып коюшат деген суроо жаралат?

Жергиликтүү бир балыкчы байыркы компаниянын ээси Люк Буавенге суунун астында бир сындырым сыр таап алып, аны жеп алганын айтып берген. Мындай даамдуу сырды өмүрүмдө жеген эмесмин, деген сөздөрдү укканда Люк экспериментке барууну чечет. Ошентип сырдын дээрлик 1 тоннасы суунун астына түшүрүлгөн. Гезиттер бул окуяга “Сыр дүйнөсүнүн Титаниги” деген ат коюшту.
Фирманын маалымат кызматы издөө иштерине 50 миң доллар сарпталганын, ал өтө кымбат боло баштаганын кабарлады.

“Битлз” - 20-кылымдын символу

“Битлз” тобу дагы бир жолу 20-кылымдын символу деп таанылды. Топ ливерпулдук төртилтик Луи Армстронг, Чарли Чаплин, Элвис Пресли өңдүү жылдыздарды артта калтырды. Бул жолку сурамжылоону америкалык “Вэрайети” журналы өткөргөн. Журнал окурмандарына шоу-бизнестин эң таанымал 100 ысымдарын сунуш эткен. Алардын арасында актерлор, музыканттар, режиссерлордон баштап мультфильмдердин каармандары да бар болчу. Өйдөкү саптарды негизинен Голливуддун актерлору жана музыка дүйнөсүнүн өкүлдөрү ээледи. Эң таң калычтуусу окурмандар Рок-н-роллдун падышасы Элвис Преслини Мерлин Монро жана Микки Маустан кийинки 10-орунга жайгаштырышкан.

Орусия эл аралык космос станциясына бразилиялык алгачкы астронавтты жеткирет

Учуу эмки март айына пландалып жатат. “Контракттын баасы 20 миллион доллар. Ал бразилиялык космонавттын илимий программасына ылайыкталып түзүлөт”, - деп билдирди Роскосмостун жетекчиси Анатолий Перминов.

Бразиялиянын аба күчтөрүнүн подполковниги Маркуш Понтеш 6 жыл бою НАСАда машыгуудан өткөн. Бирок америкалык шаттл кырсыкка учурагандан кийин Бразилия астронавтын космоско россиялык “Союз” менен жиберүүнү чечти. Перминовтун айтымында, НАСА Понтештин россиялык кеме менен учуусуна каршы эмес.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG