Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

КОМИССИЯ КАРАКЕЧЕДЕГИ КЫРДААЛГА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Июнь айынан бери Каракече көмүр кениндеги маселе чечилбей коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келүүдө. Окуянын чоо-жайын иликтегени түзүлгөн атайын мамлекеттик комиссия бейшембиде Каракечеде болуп, ал жердеги абал менен таанышып келди. 22-октябрда биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, Каракечеде түзүлгөн оор кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулады.

Нарын облусунун губернатору Жыргал Азылов атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссияга Жумгал районунундагы Каракече кениндеги абалды жеринде көрсөтүп, ар бир участоктогу иштер менен тааныштырып, ал жерде иштегендердин акыбалы менен тааныштыргандыгын билдирди. Анын айтымында, Каржы министрлигинин, Мамлекеттик каттоо агентnигинин, антимонополиянын өүклдөрү, Экология минисnрлигинин жетекчилиги, депутаттар мамлекеттик комиссия менен Каракечеге барган эмес.

Ал эми комиссиянын курамындагы Минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Владимир Зубковдун айтымында Каракече карьеринде көмүр казып алуунун эрежелери сакталбай, күндөн күнгө абал оордоп баратат:

- Бардык карьерлерде абал начарлады. Муну биз түз айтышыбыз керек. Негизинен көмүр казылуучу участоктордун жер кыртышын геологиялык эрежелерге ылайык алыш керек. Бул норма сакталбай жатат.

Владимир Зубков комиссиянын жыйынтыгы менен Каракечедеги кырдаалды жөнгө салбаса карьер жабылып калуу коркунучунда экендигин белгиледи. Өнөр жай жана тоокен иштерин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Турарбек Саркулов болсо буларга токтолду:

- Июнь айынан бери Каракчеде абал оорлоду.Биздин балдар эки жолу барышты эле аларды карьерге киргизбей коюшту. Акыркы жолу барып, коркунуч келтирген жердеги эки экскваторду токтотуу тууралуу чечимибизди чыгарганбыз. Ага болбой эле ал техникалар иштеп жатат.

Комиссиянын мүчөсү Орозбек Дүйшөевдин билдиргенине караганда, Жумгал районундагы айрым элдер Каракече жалгыз эле Жумгалдыктарга таандык дегени туура эмес. Ал эми “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин айланасындагы кылмышка катыштыгы бар адамдар Каракече кенине да, Мотуевге да жакшылык кылышпайт:

- Мотуевге түздзөн-түз түшүндүрүш керек. Анын айланасындагылар аны түрмөгө отургузушат. Мотуевдин айланасында жүргөндөр криминалдар. Ошондуктан биз бул комиссиянын негизинде жакшы документ даярдашыбыз керек. Анда Жумгал элинин талаптарын, Каракечедеги абалды так, даана чагылдырышыбыз керек.

Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Каракечеге июнь айында Дастан Сарыгулов баштаган мурдакы комиссияга койгон элдин талаптары аткарылып жатканын билдирди:

- Мурдакы комиссияга койгон 10 талаптын 80 пайызы аткарылды. Мисалы бийик тоолу шартта жашагандыгына коэфицент кошуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттарга сунуш кылабыз.

Данияр Үсөнов ошондой эле Каракчедеги “Акулак” акционердик коомун, “Шарбон”, “Бешсары” компанияларын бириктирип, мамлекеттик акционердик ишкана түзүүнү, эгерде аталган компаниялар бул сунушка макул болушпаса алардын карьерге кетирген чыгымдарын, техникаларынын баасын чыгарып, өкмөттөн каражат төлөп берүү менен Каракечени мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу сунушун айтты. Үсөнов бул маселе президент, премьер-министр, депутаттар менен талкууланып оң чечилерин билдирди. Келерки айдын башында Жумгал районуна барып, ар бир айылда жыйын өткөрүп, элдин пикирин угуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышып, Каракечедеги кырдаал оң чечилээрин белгиледи.

Каракече маселеси боюнча түзүлгөн комиссия текшерүүнүн жыйынтыгын келерки жумада өкмөткө сунуштай турган болду.

XS
SM
MD
LG