Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Бакыт Аманбаев, Бишкек Мындан эки күн мурда атып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин жакын туугандары, пикирлештери 22-октябрда Бишкектеги Алатоо аянтына нааразылык акциясына чыгышты. Алар депутаттын өлүмүнө өкмөт башчы Феликс Куловдун түздөн-түз тиешеси бар экендигин айтышып, анын кызматтан кетишин талап кылышууда. Ошол эле мезгилде Куловдун жактоочулары мындай иш чара өкмөт башчынын кадыр баркын кетирүү үчүн жасалып жаткандыгын билдиришүүдө.

Нааразылык иш чарасына төрт жүздөй адам чыгышты. Алар “Феликс Кулов менен Азиз Батухаев адам өлтүргүч”, “Акматбаевдин өлүмүнө Кулов күнөөлүү”, “Кулов кызматтан кетсин!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Чогулган элди маркум Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбек Акматбаев башкарып турду. Ошондой эле ал жерде Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Келдибек Акматбеков, Мамытбай Салымбеков жана башка депутаттар жүрүштү.

“Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде Рысбек Акматбаев инисинин өлүмү боюнча өкмөт башчы Феликс Куловду күнөөлөдү:

- Бул саясий тапшырма. Тапшырманы Феликс Кулов берген. Аны Азиз Батухаев аткарган. Аларды түрмөгө кирип келгенде эле аткылап киришкен. Түрмөгө эч кандай куралды алып кирүүгө болбойт. Биринчи ок чыгарган адамды «жинди, акылынан адашкан» деп жатат. Чынында акылынан адашкан адамды түрмөгө жаткырбайт. Анын жата турган жери башка жерде болуш керек.

Рысбек Акматбаев ошондой эле мындай иш күн мурунтадан даярдалган деген пикирин кошумчалады:

- Депутатты өлтүрүп жатканда эмне үчүн аны карап турган аскерлер унчугушкан жок. Атып токтотушкан жок. Бул дагы күн мурунтадан даярдалган дегенге далил боло алат.

Рысбек Акматбаев мындан сырткары өкмөт башчы Феликс Кулов парламентке барып, анын инисин өлтүргөн Рустам Абдулинди жинди, акылынан адашкан адам деп актап, аны менен соңку күндөрү чөнтөк телефон менен сүйлөшүп турган деген пикирин да билдирди:

- Феликс Кулов аны өзү алып кетип, ага бардык шарттарды түзүп берди. Ал Кулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кулов ага эч ким тийбесин деген команда берген. Аны Куловдун адамдары алып чыгып кетебиз деп жатышат. Аны биз азыр карап жатабыз.

Ал ошондой эле өкмөт башчы Феликс Кулов кызматтан кеткичекти нааразылык акциясын уланта бере тургандыгын эскертти. Андан соң биз нааразылык ациясына келген улгайган адамды сөзгө тарттык:

- Ушинтип жаштардын өмүрүн ала берүү туура эмес. Бул алдын ала даярдалган. Мен да илгери түрмөдө иштегемин. Түрмөгө курал эмес, топчуну да киргизбейт, - деди өзүн Муртазы Асанов деп тааныштырган улгайган адам.

Жамила Айилчинова деген нааразылык чаранын дагы бир катышуучсу аянтка келгендигинин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул саясий тапшырма. Бул күн мурунтадан даярдалган. Эмне үчүн Тынычбек Акматбаев менен бир дагы депутат кошулуп барган эмес. Бул ага далил боло ала алат.

Ал эми нааразылык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай айткандарын Феликс Кулов негиздеген «Арнамыс» партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиев бул окуяны Куловго каршы атайын уюштурулуп жаткан иш чара катары баалады:

- Менин оюмча, бул Куловго каршы уюштурулууда. Анын артында Кулов премьер болбосун, күчтүү өкмөт башчы кереги жок дегендер турат.

Нааразылык акциясынын катышуучулары кечки саат алтыларга жакын Алатоо аянтынан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына которулушту. Көп өтпөй ал жерге үч боз үй тигилди. «Өкмөт башчы Феликс Куловдун кызматтан кетирүү кетирбөө маселесин парламент чечет, ошондуктан биз бул жерге, парламентке жакен келдик», - деп маалымдады бул нааразылык чаранын атын атагысы келбеген уюштуруучуларынын бири «Азаттыктын» кабарчысына.

Сүрөттө: Рысбек Акматбаев (ортодо) жигиттери менен Алатоо аянтында
XS
SM
MD
LG