Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Ошто Кыргызстан менен Орусиянын чек ара кызматынын жетекчилери жолугушту


ОШ. Жумушчу жолугушуунун алкагында Кыргызстандын чек ара аскерлеринин башкы командачысы Мырзакан Субанов жана Орусиянын чек ара кызматынын деректиринин биринчи орунбасары Владимир Проничев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чегара тилкелеринде болушуп, андагы абал менен таанышып кайтышты. Андан соң Ош шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Борбор Азия чөлкөмүндөгү чек аралардагы жалпы кырдаал тууралуу пикир алмашуулар болуп өттү. Мындан сырткары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин башкы командачылыгы менен Орусия Федерациясынын чек ара кызматынын жетекчилигинин ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча долбоор каралды. Кыргызстандын чек ара аскерлеринин башкы командачысы Мырзакан Субанов жогоруда аталган долбоордо кыргыз чек арачыларынын Орусиянын чек ара кызматынын жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун шарттары бекитилгендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар Орусиянын Кыргызстандагы оперативдүү чек ара тобунун курамы жөнүндөгү жобого кол коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG