Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Башкы прокуратура депутат Акматбаевдин №31-түрмөгө сапарынын жагдайын териштирүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев №31-түрмөгө 20-октябрда баруу менен, белгиленген графикти бузган. Мунун себеп-жайы иликтенип жатат, деп билдирди башкы прокуратуранын өкүлү Сумар Насиза 22-октябрда «Кабар» агенттигинде берген маалымат жыйынында. Ушул эле күнү депутаттын жан сакчысы Руслан Камиев депутат Акматбаев түрмөлөрдү белгиленген график боюнча кыдырганын белгиледи. Анын айтымында, депутат адегенде козголоң болду деп кабарланган №3, андан кийин №1, соңунан №31-түрмөгө барган. Парламенттен алынган маалымат боюнча, депутат Акматбаевдин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы катары түрмөлөрдүн абалы менен таанышуу максатында кыдыруу планы бар болчу. Сумар Насизанын билдиргенине караганда, башкы прокуратура депутаттын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш козгоду.

XS
SM
MD
LG