Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Митингчилер "Алатоо" аянтынан Жогорку Кеңештин алдына көчтү


БИШКЕК. Министрлер менен жолугушуудан кийин «Алатоо» аянтында митинг башталып, анда адегенде маркум Тынычбек Акматбаевдин арбагына багышталып куран окулду. Андан кийин Тынычбек Акматбаевдин агасы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Таберик Акматбаев сөз сүйлөп, депутатты өлтүргөндөр аныкталганга чейин нааразылык акциясы токтолбой турганын билдирди. Кечке жуук митингге чыккандар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келип турушту. Ал жерге үч боз үй тигилип, тамак даярдалууда. Депутаттар Камчыбек Ташиев менен Нурдин Абдылдаев Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрүп, жекшембиде парламенттин чукул сессиясын чакыруу сунушу төраганын орун басары Болотбек Шерниязовго жолдонгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG