Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Ливандын мурдагы премьеринин өлтүрүлүшү үчүн Сирия күнөөлөнүүдө


Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин уулу Саад Хариринин айтымында, анын атасынын өлтүрүлүшү тууралуу Бириккен Улуттар тарабынан чыгарылган отчет туура жана окуя боюнча эл аралык трибунал түзүлүүгө тийиш. Саад Харири азыр Сауд Арабияда жашайт, анын атасы болсо Бейрут шаарында үстүбүздөгү жылдын февралында өлтүрүлгөн. Бириккен Улуттардын атайын комиссиясы окуяны тергеп, 20-октябрда отчет чыгарган, анда - өлтүрүүгө Ливандын жана кошуна Сириянын коопсуздук кызматтарынын тийешеси бар деген жыйынтык чыгарылган. Эки мамлекеттин тең жетекчилери андай күнөөнү четке какты. Бейрутта кечээ күнү демонстрациялар болуп, анын катышуучулары президент Эмиле Лахуддун кызматтан кетишин талап кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG