Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 21-октябрда Брюсселде Улуттар уюму менен Еврошаркеттин өкүлдөрү биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү иштери жөнүндө маалымат беришти. Еврошаркет Улуттар уюмунун өлкөдөгү гуманитардык операцияларына эң чоң салым кошуп жаткан уюм.

Коопсуздук маселеси эң чоң проблемалардын бири, ошондуктан Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү иштери жашыруун шарттарда өтөрүлүп жатат, деп билдирди Улуттар уюмунун Ирактагы атайын өкүлүнүн орун басары Стаффан де Мистура пресс-конференция. Ал гумжардамды уюштуруп, ишке ашырып жаткан адамдардын ысымдарын атоодон баш тартып, мындай деди:

- Коопсуздук эң маанилүү маселелердин бири, ошондуктан азык-түлүк, дары-дармек жана башка гумжардам буйумдары салынган үкөктөрдө Улуттар Уюму, Еврошаркет, ЮНИСЕФ же Азык-түлүк уюмунун мөөрлөрүн көрбөйсүздөр. Антпесе, бул уюмдарга жагымсыз күчтөрдүн назары түшө баштайт.

Ирактын өзүндө гумжардам таратуу жана бөлүштүрүү иштери менен ирактыктардан жалданган кызматкерлер алпурушат. Абал кооптуу болгондуктан, гумжардам таштала тургандыгы жөнүндөгү маалымат жергиликтүү телевидение аркылуу таратылат. Мындай жарнама берүүлөр аркылуу миллиондогон кишилер эмдөө жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө кабардар кылынат. Мистуранын өзү болсо Иорданиянын баш калаасы Амман менен Багдаддын ортосунда ары-бери каттап иштейт.

Улуттар юумунун Иракка берген гуманитардык жардамынын басымдуу бөлүгүн Еврошакет каржылады. Еврокомиссиянын ардагер кызматкерлеринин бири Кристиан Леффлердин маалыматы боюнча, согуш бүткөдөн бери эле Еврошаркет Иракка 520 миллион евро жумшады. Быйылкы жылдын приоритети бул конституциялык реформа, аны 100 пайыз еврошаркет каржылайт, ошон үчүн келерки 2006-жылы Еврошаркет бөлгөн каражаттардын ири бөлүгү да ушул максатка жумшалмакчы, дейт Леффлер.

Еврокомиссиянын мүчөсү ошондой эле 15-декабрга пландаштырылып жаткан шайлоодон кийин суверендүү Ирактын жаңы өкмөтү пайда болгондо, Еврошаркет Ирак менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максаты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырып жатканын белгиледи. Уюмдун гуманитардык жардамынын дагы бир багыты бул саламаттык сактоо, билим берүү жана жумуш орундарын түзүү тармактары.

Улуттар уюмунун Иракта жүргүзгөн сурамжылоолору карапайым калк эң оболу таза суу менен камсыз болууга, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын ишинин жакшыртылышына чоң маани бере тургандыгын тастыктады. Сурамжылоого өлкөнүн 18 провинциясында жашаган 22 миң үй бүлөө катышкан. Мистура калктын мындай мүдөөсүн канагаттандырганга аракет жасалганын белгилеп, бул тармактагы жетишкендиктердин бир кыйласы көмүскөдө калып жатканын айтты. Мистура эл аралык уюмдардын аракетинин арты менен Иракта ич келте, полиомелит ооруларынын чыгышына бөгөт койуу мүмкүн болгондугун да баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG