Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

ДЕПУТАТ ТЫНЫЧБЕК АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ БАЙЛАНЫШКАН НААРАЗЫЛЫК УЛАНУУДА


23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу уюштурулган нааразылык пикети уланды. Ага бул күнү 300дүн тегерегинде адам чогулуп, пикетке келген адамдар маалымат жыйынын өткөрүшүп, эмне үчүн өкмөт башчы Феликс Кулов кызматтан кетсин деген талап коюп жатышкандыгы боюнча түшүндүрмө беришти.

Борбордук «Алатоо» аянтынан ишемби күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы эски өкмөт аянтына көчүп барган пикетчилердин саны бул күнү 300-400 адамдын тегерегинде болду. Алар «Кулов кызматтан кетсин!», «Кулов менен Азиз Батукаев адам өлтүргүч”, “Акматбаевдин өлүмүнө Кулов күнөөлүү” деп жазылган транспаранттарды зым карагайлар менен дарактарга илип коюшту. Андан тышкары пикетчилер үчүн сегиз боз үй, эки чатыр жана көчүп жүрүүчү эки кафени орнотушуп, отун, көмүр жана суу ташып келип, камдап коюшту. Пикетке болсо өлкөнүн ар кайсы райондорунан келген адамдар катышып жатышкандыгын жана алар өкмөт башчы Феликс Кулов кызматынан кетсин деген талапты колдошоорун маалымат жыйынында жарыя кылышты. Алардын бири, Жалалабад облусунун Аксы районунан келген мугалим Бурулсун Акматова:

- Акматбаев Тынычбектин өлүмүнө күйүп-бышып, өкмөткө нааразылык билдирип келдим. Кулов кетсин, мен да ушул талапты коюп келдим. Себеби, Акматбаев Тынычбек комитетке төрагалыкка келгенде эле Кулов «ушуга окшогон адамдардын комитетке келиши мүмкүн эмес» деп каршы пикирин айткан.

Борбордо уруксаат берилбеген пикеттин 1-2 күндө өтө уюшкандык менен өткөрүлүп жаткандыгынан улам эл арасында «бул Куловду кызматтан кетирүүгө кызыкдар тараптын же бийлик башында турган айрым адамдардын колдоосу менен атайылап уюштурулуп жатат» деген пикирлер көп айтыла баштады. Пикетти уюштуруу штабынын мүчөсү Кычан Мусабеков мындай божомолду дароо четке кагып, жер-жерлерде элдин чогулуусуна Тынычбек Акматбаевдин Кыргызстан жаштарынын «Биримдик» партиясын түзөм деген максат менен жаштар арасында жүргүзгөн иштери түрткү берүүдө деп билдирди:

- Бул жерге бийликтин эч кандай тиешеси жок. Биякта эл нааразылык акциясын жер-жерлерде өткөрүүгө аракет кылып жатат. Себеби, Тынычбек жаштардын спорт тармагын көтөргөнгө абдан көп жардам берген. Анан жаштардын «Биримдик» партиясын түзгөнү жаткан. Биринчи жолу мындай сапар менен Ошко барган. Ал жерде партияга 5 миңдей адам кирмек болгон. Андан кийин Нарын, Талас, Ысыккөл болуп, кыргыз жаштарынын «Биримдик» партиясын түзмөк. Бул элдин өзүнүн ич күйдүлүк менен жасаган акциялары болуп жатат. Бийлик менен кеңешүүгө да үлгүргөн жокпуз. Биздин жалгыз талабыбыз - күнөөлүү адамдар кызматта болсо кызматынан кетсин деген талап.

Кычан Мусабеков мындан тышкары учурда Ысыккөл, Нарын, Ош жана Талас аймактарында 500-600дөн адам чогулуп, Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы отурумун күтүп жатышкандыгын билдирди. Анын айтымында, парламент жагдайды иликтеп, талапты орундатпаса, анда пикетчилер Жогорку Кеңешти таратуу талабын да коюшат:

- Эгерде Жогорку Кеңеш талапты тез аранын ичинде чечип бербесе, Жогорку Кеңеш Куловду колдой турган болсо , анда Жогорку Кеңештин депутаттарын таратуу талабы менен да акыр-аягына чейин турабыз.

Ал эми пикетке чогулган адамдар акчага алданып, кимдир бирөөлөрдүн чакырыгына кирип келген жоксуңарбы же өз ыктыярыңар менен эле чогулуп жатасыңарбы деген журналисттердин суроосун нааразылык менен кабыл алышып, Кулов гана эмес жалпы бийлик башындагылардын кызматтан кетүүсүн талап кылууга чейин барышаарын жана бул акция менен акыйкаттыкка жетүү аракетин көрүп жатышкандыгын билдиришти:

- Жок. Жөн эле өзүбүз келдик. Мен да көлдөнмүн. Бул жердеги балдарымдыкына келдим эле, көрүп басып келдим. Анткени, ушу баланы өзүбүз шайладык. Бирден-бир бала болчу. Элди баккан балдарды ушинтип кырып отурса жакшы болобу? Тартип деген керек да! Бул жашоо эмес. Мыйзам дейт, мыйзам жок!

- Бакиев да кетсин. Анткени, Бакиевге ишенип туруп тандемге барбаш керек болчу. Ушул абалга жеткирген тандем болду. Мына азыр Бакиев уюштурду деп айтып жатышат. Биз баарына каршыбыз. Анткени, Акаевдин убагында иштеген адамдардын 90 пайызы азыр бийликте отурушат. 15 жылдан бери чиритип жүргөн адамдар дагы эле бийликте. Бир тоокту уурдаган бала 15 жылга кесилип түрмөдө олтурса, бир мамлекетти, бир облусту талкалаган адамдар азыр парламентте отурушат. Чындык жок! Булардан суроо болобу? Эгерде Кыргызстанда чындык, акыйкаттык болгондо Ош жөн эле отурмак. Азыр Ош көтөрүлүп жатпайбы! Биз азыр мына ушул маселелерди чечпесек кийин мындан да жаман болот.

Ал эми бул күнү бир катар саясий партия жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Фкеликс Кулов жана Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов менен жолугушуп, кырдаалдан чыгуу жолдорун талкуулашты. Бирок анда кандай жол тандалганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG