Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

ОШТО ДА НААРАЗЫЛЫК МИТИНГИ ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 23-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында өкмөт башчысы Феликс Куловдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтарынан кетүүсүн талап кылган нааразылык митинги болуп өттү. Бир катар жергиликтүү талдоочулар аталган нааразылык акциясы кайсы бир кызыкдар саясий күчтөр тарабынан жасалма түрдө уюштурулуп жатат деп болжолдошууда.

Эртең мененки саат он бирлерден өтүп, колдоруна “Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө себепкер саясатчылар жоголсун!”, “Феликс Кулов жана Өмүрбек Текебаев кызматтарынан кетишсин!” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүп алышкан беш жүзгө жакын адам, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулушту. Коюлуп жаткан талаптардын себептери тууралуу митингдин алып баруучусу Айтмамат Кадырбаев буларды билдирди:

- Бүгүнкү элдин биринчи кезектеги талабы - Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүүсү. Элдер митинге чыгышып, жергиликтүү бийликтерге өздөрүнүн нааразычылыктарын билгизишти. Кечээки депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүндө саясий бир боёк бар, элдин бүгүнкү күндө түшүнүгү ушундай болуп жатат.

Митинге чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү өкмөт башчысы Феликс Куловду, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди кызматтан кетирүү талабы менен катар эле тез арада парламентти таркатуу сунушу менен да чыгышты.

- Биз бүгүнкү күндөн тартып тынчтык митингине чыктык. Күндө ушул жерге келе беребиз. Күндө митинг боло берет. Парламент таркашын талап кылабыз. Ошондой эле Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетишин карапайым эл талап кылабыз, - деген пикирин билдирди митингдин катышуучусу Разия Өмүралиева.

Митингдин жүрүшүн байкоого алып турган бир катар жергиликтүү талдоочулар аталган иш чара кыска ойлуулук кылган айрым бир саясий күчтөр тарабынан жасалма түрдө уюштурулуп жатат деп болжолдошту:

- Облустук мамлекеттик администрациянын алдына чыгып жаткандардын койгон талабы бир чети туура эмес. Себеби, ал жерде Ф.Куловдун, Ө. Текебаевдин катыштыгы бар деп айтыш үчүн бир негиз болуш керек. Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев отставкага кетсин дегенге каршымын. Себеби, азыркы убакта бийликтин бутактары бири-бири менен тил табышып иштешпесе, Кыргызстан ансыз деле кыйналып турган чагы. Мындай иш чараларды кимдер уюштуруп жатканын да билебиз. Тынымсыз элди көчөгө алып чыгып, ушундай жолдор менен маселе чечтирүүгө каршымын, - дейт жергиликтүү талдоочу Алишер Токсонбаев.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков жогоруда аталган нааразылык акциясын уюштуруунун башында кимдер тургандыгы жөнүндө так маалымат жок экендигин белгилеп өттү.

- Элдин талабын угуп, жазып алдык. Жогору жактарга жеткиребиз. Буларга юридикалык баа бергенге менин күчүм жок. Себеп дегенде, менде мындай маалымат жок.

XS
SM
MD
LG