Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

М. Ниязов чукул чаралар зарыл деп эсептейт


БИШКЕК. Азыркы бийлик криминал менен коюн-колтук алышып кетти дегенге Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов кошулбайт. Анын пикиринде, революциядан кийин көпчүлүк өлкөлөрдө мындай башаламандык болуп келген, андыктан Кыргызстан дагы ошондой күндөрдү баштан кечирип жатат. Буга чейин айрым укук коргоочулар бийлик менен криминалдын аралашып кеткенин улам үрөй учурган окуялар болуп жатат деп билдиршкен. Бирок Мирослав Ниязов 24-марттан кийинки Кыргызстанда мыйзам жолундагы эмес кадамдар болуп атканын моюнга алат. “Ошондуктан бийлик тез арада чукул чараларды көрүп, өлкөдө мыйзамдуулук орнотушу керек”, - дейт Ниязов мырза.

XS
SM
MD
LG