Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Мамлекет башчы коррупцияга каршы агенттик түзүү боюнча жардыкка кол койду


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев “Коррупцияга каршы чукул чаралар” жөнүндө жардыкка 22- октябрда кол койду. Анда өлкөнүн экономикасын тукулжуратып, бийликке болгон элдин ишеничин жоготуп аткан бул көрүнүшкө жаңыча күрөш жарыялоо ниети айтылат. Жардыкта коррупцияга каршы күрөшө турган улуттук агенттик жана улуттук кеңеш түзүү пландалган. “Транспаренси интернейшнл” уюмунун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарына кирет.

XS
SM
MD
LG