Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Ошто Кулов менен Текебаевдин отставкасын талап кылган митинг болду


ОШ. Эртең мененки саат он бирлерден өтүп, колдоруна “Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө себепкер саясатчылар жоголсун”, “Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев кызматтан кетсин” жана “Элге тынчтык керек” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүп алышкан беш жүзгө жакын адам Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулушту. Алардын алдына чыгып сөз сүйлөгөн Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков митингдин катышуучуларын мыйзамды сыйлоого жана ар кандай баш аламандыктарга алдырбоого чакырды. Нааразылык акциясынын лидерлеринин бири Айтмамат Кадырбаев алар койгон талаптар аткарылмайынча 24-октябрь, дүйшөмбү күндөн баштап митингдер улантыла бере тургандыгын жарыялады. Митинге чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн айрымдары Жогорку Кеңешти тез арада таркатуу чечимин кабыл алуу сунуштары менен чыгышты. Эки сааттан кийин митингдин катышуучулары атайын даярдалган автоунааларга чыгышып, таркап кетишти. Бир катар жергиликтүү талдоочулар бул иш чара кайсы бир саясий күчтөр тарабынан жасалма түрдө уюштурулуп жатат, деп болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG