Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

“Кыргызстан” коомдук саясий кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. 24-октябрда “Кыргызстан” коомдук саясий кыймылынын Координациялык Кеңешинин мүчөлөрү билдирүү таратты. Анда, бийлик коомдук-саясий кырдаалды турукташтырбаса, социалдык-экономикалык абалды жакшыртпаса, Бакиев-Кулов тандемин сактабаса, мамлекетти түндүк-түштүккө бөлүүгө жол берсе, кадр саясатында калпыс кетирсе тандемге ишеним көрсөтпөй, алардын кызматтан кетүүсүн талап кылабыз, деп айтылат. Ошондой эле билдирүүдө, башталган Конституциялык реформаны аягына чыгуу, парламенттик ресупубликага өтүү, жаңы Конституцияга ылайык парламенттик шайлоону 2006-жылы партиялык тизме менен пропорционалдык негизде өткөрүү каралган. Координациялык Кеңештин мүчөлөрү президент Курманбек Бакиевге өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн жана “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын өкүлдөрүн Конституциялык кеңештин эксперттик тобуна киргизүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG