Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Роман Шин: Кырдаалды президент жеке өзү иретке келтириши керек


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн саясий кырдаалга саясатчылар ар кыл баа берип жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, «Биримдик» фракциясынын өкүлү Роман Шиндин пикиринде, жагдайды президент Курманбек Бакиев жеке өзү Коопсуздук кеңешин чакыруу аркылуу жөнгө салышы керек. Ал эми «Асаба» саясий партиясынын Ысыккөл облустук уюмунун төрагасы Каныбек Жакыпбеков кырдаалдын курчушун кылмыштуу элементтердин бийликке жармашуусу катары санап, териштирбей туруп бийлик башчыларына күнөө тагууну натуура деп санайт. Жогорку Кеңештин алдындагы акцияга байланыштуу өзүнүн иш ордуна учурунда кире албай калган депутаттардын бири Кубанычбек Исабековдун пикиринде, депутаттын өлүмүнө байланыштуу нааразылыкка чыккан адамдарды башка кызыкчылыктарга пайдалануу аракеттери да жасалып жатат. Аткаруу бийлиги алсыздыгын көрсөтпөш үчүн бул ишти мыйзам чегинде чечүү зарыл, деп эсептейт депутат.

XS
SM
MD
LG