Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Өкмөт саясий абалды жакшыртуунун кечиктирилгис чаралары жөнүндө токтом чыгарды


БИШКЕК. Өлкөдө коомдук-саясий абалды турукташтыруу багытында 23-октябрда өкмөт токтом чыгарды. Ага ылайык, бардык министрликтердин, администрациялык мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү администрациянын башчылары өлкөдө коомдук-саясий абалдын мындан ары татаалдашуусуна жол бербөө, митингдик ээн баштыктын көбөйүшүн алдын алуу боюнча чараларды көрүүсү тийиш. Бишкек шаар башчысы менен ички иштер башкармалыгына коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо; издөөдө жүргөн адамдарды, дүрмөттүү куралды мыйзамсыз сактаган жана алып жүргөндөрдү аныктап, кармоо, адамдарды митингдерге, демонстрацияларга күчтөп катыштыруу фактыларын жана башка мыйзамга каршы аракеттерди токтотуу, ошондой эле коомдук жерлерде тартипти орнотуу, боз үйлөрдү, чатырларды тигүү, тамак жасоо менен митинг, массалык акцияларды өткөрүүнүн алдын алуу, Бишкекте паспорттук режимди текшерүүнү күчөтүү боюнча иш чараларды көрүү тапшырылган. Юстиция министрлигине жаза-аткаруу системасынын дурус иштешин, камактагылардын укуктарын камсыз кылуу, жаза өтөө режимин бузган камактагыларды Кыргыз Републикасынын укуктук нормативдик актыларына ылайык катуу жоопкерчиликке тартууну табыштаган. Каржы министрлигине жаза аткаруу башкы башкармалыгына бекитилген бюджеттин чегинде өз учурунда, толук көлөмдө каржылоону милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG