Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Жогорку Кеңештин депутаттары иш орундарына убагында кире алышкан жок


БИШКЕК. Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан нааразылык акциясы 24-октябрда эртең менен Жогорку Кеңештин алдында улантылды. Имараттын маңдайындагы аянтчага тогуз боз үй, көчүп жүрүүчү эки кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккандарга кызмат кылууда. Байкоочулар чогулгандардын саны 500-600 чамалаш деп санашууда, ал эми уюштуруучу топ эки миң киши каттоодон өткөндүгүн белгилеп жатат. Нааразы тараптын катарына маркум депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевдин тарапкерлери да кошулушту. Акцияга чыккандардын бир тобу парламент алдында Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган кагаздагы жазууларды кармап турушту. Ушул эле аянтта митинг болуп, ал жерде маал-маалы менен премьер министр Феликс Куловдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар айтылды. Чогулгандар эртең менен депутаттардан иш орундарына имараттын борбордук эшигинен кирүүнү талап кылышты. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Болот Шерниязов баштаган жоон топ депутаттар маркум депутаттын иниси Рысбек Акматбаев менен жолугушуп, сүйлөшкөндөн кийин борбордук эшик аркылуу имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

XS
SM
MD
LG