Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Копенгагенде жана Оттавада канаттуунун сасык тумоосун талкуулап жатышат


Даниянын жана Канаданын баш калааларында саламаттык кызматкерлери жана өкмөт өкүлдөрү чогулушууда. Алар Түштүк-Чыгыш Азияда акыркы үч жылда 60тан ашык кишинин өмүрүн алган ылаңдын Европада жана башка аймактарда жайылышын токтотуунун жолдорун издеп жатышат. Кечээ Британияда Тайвандан келген чымчыктар менен чогуу кармалган куштун адам баласына коркунучтуу Эйч5 вирусунан мертингени аныкталды. Келгин куштар бул ооруну Орусияга, Түркияга жана Румынияга таркатышты. Кытай бийликтери анын Бейжинде жайылышы менен күрөшүн күч алдырууда.

XS
SM
MD
LG