Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕНЕШМЕНИН ЖЫЙЫНЫ ЖАЛПЫ ЖОБОНУ КҮТҮҮ МЕЕН АЯКТАДЫ


25-октябрда Өкмөт үйүндө өткөн Конституциялык кеңешменин жыйына мамлекет башчы Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык митинги боюнча өкмөттүн мүчөлөрү жана парламенттин депутаттары менен жабык эшик артында жыйын өткөрө тургандыгына байланыштуу кеңешменин жыйынына катышпай калды. Ал эми жыйында Конституциялык кеңешменин регламенти талкууланып, кеңешменин мүчөлөрү аткаруу бийлигине өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну сунушташты.

Жыйынга Конституциялык Кеңешменин 289 мүчөсүнүн 230у катышты. Редакциялык комиссиянын төрагасы Айдар Керимкулов Конституциялык Кеңешменин төрагасы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен аталган комиссиянын курамына кирген 38 адамдын тизмесин атады. Айрым бейөкмөт уюмдардын сунушу менен редакциялык комиссиянын курамына дагы 8 адам киргизиле тургандыгын маалымдады.

- Төрага редакциялык комиссиянын курамын кеңейтүүгө макул болду. Роза Отунбаева, ишкерлер ассоцоцациясынан Өмүрбек Абдрахманов, “Асаба” партиясынан Азимбек Бекназаров, Акыйкатычынын орун басары Садык Шернияз, “Эл мурас” партиясынан Боромбаева сунушталды.

Айдар Керимкулов ошондой эле редакциялык комиссия 5-ноябрда Баш мыйзамдын долбоорун өлкө жарандарынын талкуусуна алып чыгаарын билдирди.

Редакциялык комиссиянын курамы шайланбай, беш-алты адамдын сунушу менен дайындалган дешип, Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү ага нааразы болушту. Маселен, Конституциялык сотун төрайымы Чолпон Баекова буларды белгиледи:

- Редакциялык комиссиянын курамына Конституциялык соттон эмне үчүн кошулган жок. Өткөндө Курманбек Осмонов айтпады беле Конституциялык соттон бир судья кириш керек деп. Ал эми силер Конституциялык соттун “сыртынан тон бычып”, анан кийин сунуштарды киргизип атасыңар, кеңештик, 5-ноябрга чейин бүтүрөбүз деп. Бүтүрбөйсүңөр. Бүтүндөй элдин пикирин угушуңар керек.

Чолпон Баекова мындан сырткары мурдакы бийлик учурунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, Конституциялык соттун мүмкүнүчлүгүн чектеп койгондугун, Баш мыйзам аткаруу бийлигинин гана куралы болуп калгандыгын эске салды.

Бул жыйында Конституциялык Кеңешменин регламенти талкууланмак эле, тилекке каршы регламенттин жалпы жобосун көчүрмөдөн көбөйтүп келүү убактысы узакка созулуп, кеңешменин айрым мүчөлөрү жыйындын негизги темасынан четтеп, жеке таарынычтарын айтууга үлгүрүштү. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Мукашев редакциялык комиссияны сынга алып, жыйынга келгендерди Баш мыйзам жөнүндө майнаптуу иш кылууга үндөдү.

- Мен революция кылгам, мен муну кылгам деп отурасыңар. Ушунуңар уят да. Мындан башка маанилүү нерсе колубузда турбайбы.

Кеңешменин мүчөсү “Курманжан датка” кайрымдуулук корунун төрайымы Жылдыз Жолдошева жыйынга келгендерди Жогорку Кеңештин алдындагы аянттка саясий баа берүүгө чакырды:

- Ушунча адам келе турган болгон соң регламентти камдап коюшуңар керек болчу. Менин айтайын дегеним, ушул жерде отурган кеңешменин мүчөлөрүнө эмес, депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылайын деп жатам. Мен бүгүн Рысбек Акматбаев менен жолугуштум. Ага мыйзамдын чегинде иш кылалык, кызуу кандуулукка алдырбайлык деп айттым.

Анын пикирине Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү каршы болушуп, Баш мыйзам тууралуу маселе козгоону сунушташты.

- Силер бул митингке маани бербей жатасыңар. Мунун кесепетинен чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн, - деди Жылдыз Жолдошева аларга макул болбой.

Анын сунушун Демократия үчүн атуулдук коом коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов колдоп, эгерде өлкөдө социалдык-экономикалык абал оңдолбой, туруктуулукту, коопсуздукту, тартипти камсыз кылбаса президент баш болгон бийликти кызматтан кетирүү боюнча “Кыргызстан” коомдук саясий кыймылынын демилгесин колдой тургандыгын билдирди.

Жыйын аяктарына жарым саат калганда Конституциялык кеңешменин регламентинин жалпы жобосу жыйындын катышуучуларына таркатылып, регламенттеги Консититуциялык кеңешменин максаты, анын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача талкуу болуп, эч кандай чечим кабыл алынган жок. Конституциялык Кеңешменин эмки жыйыны жума күнү өткөрүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG