Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

“БИТЕЛ” ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 25-октябрда орусиялык “Спецмонтажстрой” компаниясы “Бител” компаниясынын баш кеңсесин басып (ээлеп) алуу аракетин жасады. 24-марттагы ыңкылаптан кийин Башкы прокуратура “Бител” компаниясынын бардык акцияларын камакка алган. Бирок Юстиция министрлиги жогоруда айтылган жаңы компанияга кожоюндук укук берип койгон. Ал эми “Бителдин” жетекчилиги бул чечим менен макул эмес.

25-октябрда эртең менен «Бител» компаниясынын башкы кеңсесин алгач милиция курчоого алды. Ошол маалда орусиялык «Спецмонтажстрой» ишканасынын өкүлдөрү өздөрүн «Бителдин» жаңы кожоюну катары тааныштырып келишти. Имаратты милиция курчап, бул компанияны жаңы кожоюн катары келген тарапка күч менен өткөрүү аракети болду. Бирок имаратка кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Компаниянын күзөтчүлөрү дароо эшиктерди жана терезелерди бекитип, орусиялык компаниянын имаратка кирип үлгүргөн төрт адамын сыртка чыгарып, өз кызматкерлери үчүн бир гана арткы эшикти ачып коюшту.

Башкы прокуратура билдиргенге караганда, Аскар Акаевдин тушунда «Бител» компаниясына Нурбек Турдукулов менен экс-президенттин уулу Айдар Акаев ээлик кылчу. Учурда бул компанияга казакстандык «Альянс капитал» кожоюн. Бирок Башкы прокуратура компаниянын бардык акцияларын камакка алгандыктан азыр кайра каттоо же сатыкка чыгаруу өңдүү иштерге тыюу салынган. Жаңы кожоюнбуз деген ишканага мындай укукту Юстиция министринин мурдагы орун басары Эмил Орозбаев берген. Ал бул кызматтан кетээрине бир күн калганда менчикке болгон укукту кайра каттоодон өткөрүп, «Спецмонтажстрой» ишканасын кожоюн кылган.

«Бител» компаниясы бул деген мыйзамсыздыктын жеткен чеги деп эсептейт. Аталган компаниянын ревизиялык комиссиясынын жетекчиси Данияр Өмүрзаковдун айтымында, Юстиция министрлиги мыйзамсыз түрдө чечим чыгарып берген. Өмүрзаков мырза «Бител» компаниясын күч менен басып алууга керек болсо куралчан келишмек экен дейт:

- Кимдин буйругу менен келгени белгисиз милиция келип бизди курчап, имаратка кызматкерлерибизди киргизбей туруп, анан алар кеткенден кийин бизге маалымат түштү. Керек болсо милициялардан сырткары кандайдыр бир атайын күчтөр автоматтар менен да келмек экен. Акыркы мүнөттөрдө аларды кайра чакырып алышыптыр. Балким алар кечке чейин келишет, биз билбейбиз.

Данияр Өмүрзаков мындай окуялар Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы абройуна шек келтирет деген пикирин билдирди. Анын пикиринде, мындай басып алууга аракеттер чет өлкөлүк инвесторлорду чочутат.

Юстиция минитсринин мурдагы орун басары Эми Орозбаев бул кайра каттоо мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөн, деп кыскача жооп берди. Анын айтымында, эки тарап тең бул чатакты чечиш үчүн сотко кайрылгандары оң. Юстиция минитсри Марат Кайыпов болсо бул маселе боюнчо кол коюлган документтер менен жакындан таанышкандан кийин бир жооп айтаарын билдирди.

Коомчулукта болсо революциядан кийинки менчик бөлүштүрүү соңуна чыга элек, болгондо да башаламан уланып атат деген ойлор өкүм сүрүүдө. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун илдери Төлөйкан Исмаилова бул абдан жаман белги дейт:

- Мындай кол салуулар революциядан кийинки саясатка айланып калды. Конституция боюнча бирөөнүн жеке менчигине кол салганга эч кимдин укугу жок. Бул Кыргызстандын атуулдарына каршы жана өсүп келаткан бизнеске каршы жасалган бирөөлөрдүн иши болуп атат.

«Бител» компаниясынын жетекчилиги билдиргенге караганда, бул кырдаалга карабастан компания кадимки тартипте иштеп жатат. Данияр Өмүрзаковдун айтымында, «Бителдин» абоненnтерине ыңгайсыздык алып келе турган же тычсыздандыргыдай кырдаал түзүлбөйт.

XS
SM
MD
LG