Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Аба ырайы


БИШКЕК. 26-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел аргы жүрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +13…+18 градус. Талас жергесинде түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +12…+17 градус. Жалалабат, Ош, Баткен облустары боюнча түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +10…+15 градус. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +11…+16 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, ал эми күндүз +15…+17 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.


Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG